# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 61-б "Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 61-б "Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 61-б
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16193/edition/979782/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 61-б "Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешин бекитүү жөнүндө" буйругу (21.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216365

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 21-февралы № 61-б Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин курамын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңеши төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын "Жеңил өнөр жай" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); "Стандартсертик" жоопкерчилиги чектелген коомунун продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо боюнча органдын жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коомунун сапатты контролдоо жана метрология бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); "ДНК-Технологиялар-Манас" лабораториясы жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун Сыноо, сертификаттоо, жана метрология Бишкек борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар институтунун Метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Бишкек шаардык "Манас" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун жетекчиси.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-майындагы № 213-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

С.Дж.Исаков
