КР Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын делегациясы түзүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 12-июну № 199 2018-жылдын 14-июнунда Россия Федерациясынын Москва шаарында өтө турган Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 78-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2018-жылдын 13-июнунан тартып 15-июнуна чейин Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме 2018-жылдын 14-июнунда Россия Федерациясынын Москва шаарында өтө турган Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 78-жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Разаков Жениш Парпиевич
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөсү, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин мүчөсү, делегациянын башчысы;
Асанкожоева Зина Мукаевна
-
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кулмамбетов Самат Дилдемуратович(*)
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары;
Турсункулов Кайрат Эркинович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;
Усенканов Мирлан Бекзатович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
Абдылдаев Акылбек Талайбекович
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин үчүнчү катчысы.
Эскертүү: (*) - 2018-жылдын 13-июнунан тартып 16-июнуна чейин Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 1
Документ шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.