# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 496-б "Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактыруу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 496-б "Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактыруу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 496-б
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16180/edition/877275/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 496-б "Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактыруу жөнүндө" буйругу (27.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216352

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 27-октябры № 496-б "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

С.Дж.Исаков
