# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 421-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-августундагы № 355-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 421-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-августундагы № 355-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 421-б
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16174/edition/877263/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 421-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-августундагы № 355-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216346

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 25-сентябры № 421-б Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн алкагында берилген мамлекеттик зайымдык каражаттарды кайтарууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-августундагы № 355-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "2016-жылдын" деген сөз "2017-жылдын" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 4-пунктунун экинчи абзацы "1 жыл" деген сөздөн кийин "6 ай" деген сөз менен толукталсын;

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн карыздарын кайтаруунун убактылуу тартибинде:

- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду (мындан ары - Фонд)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Фонд" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "Агенттик" деген сөз менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

С.Дж.Исаков
