Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин « Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 1 декабря 2023 года № 622 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Премьер-министра Кыргызской Республики, Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-01.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 30-декабры № 932 Мамлекеттик органдарда бирдиктүү ведомстволор аралык электрондук документ жүгүртүү системасын (БВЭДС) киргизүү үчүн иш кагаздарын жүргүзүү процессин түзүмдөштүрүүнү иштеп чыгуу максатында, "Таза Коом" Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15 жана 18-беренелерине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ алты айлык мөөнөттө БВЭДС программалык камсыздоону иштеп чыгуу үчүн иш кагаздарын жүргүзүүнүн түзүмдөштүрүлгөн процессин иштеп чыксын.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
4. Жумушчу топко зарыл болгондо мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана регламент, иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж.Исаков
Тиркеме Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Мукамбетов Мурат Картайбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Догоев Дастан Давлетович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Өмүралиев Мирлан Жумабекович
-
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Сулайманова Лира Токоновна
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын башчысынын орун басары - иш кагаздарынын жүргүзүү жана контролдоо секторунун башчысы;
Естебесов Адыл Жээнбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент, иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
Байгазиева Сейсекүл Жумановна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент, иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунун башчысы;
Нуржанов Эрнст Абдыкадырович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жалпы бөлүмүнүн эксперти;
Жылышбаев Максат Нурбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
Айталиева Адиля Абдыкасымовна
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Уюштуруучулук камсыздоо башкармалыгынын аткарууну контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
Исраилова Аида Өзгөновна
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү бөлүмүнүн башчысы;
Байтикова Клара Турдакуновна
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
Токтосунова Нургүл Нурмаматовна
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документ менен камсыздоо департаментинин директорунун орун басары;
Карагулов Аманат Нурдинович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча дирекция" мамлекеттик мекемесинин директору;
Исмаилов Тилек Турдубекович
-
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
Назаралиев Асхат Сулумбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин Маалыматтык технологиялар борборунун директору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер…Распоряжение · 01.12.2023 · № 622
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон