# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 60-б "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңеш бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 60-б "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңеш бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 60-б
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216256>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16124/edition/1067863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216256.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 60-б "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңеш бекитүү жөнүндө" буйругу (15.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216256

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 38-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 19-февралы № 60-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин;

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору, Кеңештин катчысы. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча); Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы № 67-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

С.Дж.Исаков
