Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-02-14.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 14-февралы № 51-б 2018-жылдын 27-февраль - 4-мартында Бишкек шаарында Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык:
1. Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин 2018-жылга бюджетинин чегинде Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын өткөрүүгө финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын катышуучуларын медициналык жактан тейлөөнү камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүчү жана анын катышуучулары жашаган жерлерде коомдук тартипти коргоону камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине визалык колдоону тариздөөдө көмөк көрсөтсүн жана Кыргыз Республикасынын кирүү/чыгуу визаларын тариздөөдө жана алууда Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын катышуучуларын - чет өлкөлүк жарандарды консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотсун.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын катышуучуларынын, расмий адамдардын жана ардактуу меймандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн, ыкчам тартипте Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын катышуучуларынын - чет өлкөлүк жарандардын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимдерди кабыл алсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктан келип чыгуучу бардык зарыл болгон уюштуруу жана даярдык көрүү чараларын аткарсын.
9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын катышуучуларынын - чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан оперативдүү өтүүсүнө көмөк көрсөтсүн.
10. Төмөнкүлөргө:
- Бишкек шаарынын мэриясына Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын өткөрүүнүн алдында Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын символикалары бар жарнамалык такталар менен борбордун көчөлөрүн жасалгалоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясына Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына даярдануунун жүрүшүн, өткөрүүнү кеңири чагылдыруу жана көрсөтүү сунушталсын.
11. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
С. Дж.Исаков
Тиркеме Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти - Кыргыз Республикасынын Спорттук күрөш федерациясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттук олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Спорттук күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти (грек-рим күрөшү) (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти (эркин күрөш) (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти (кыз-келиндер күрөшү) (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р