# КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 22-январындагы № 23-б "2016-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 150 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу туралуу" буйругу

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 22-январындагы № 23-б "2016-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 150 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу туралуу" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 23-б
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16105/edition/974099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 22-январындагы № 23-б "2016-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 150 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу туралуу" буйругу (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216237

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 22-январы № 23-б (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 203-б буйругунун редакциясына ылайык) 2016-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 150 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда Субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:

- кредиттин суммасы 1,7 млн. (бир миллион жети жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө белгиленсин;

- кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка - Либор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1,0% (6 айлык);

- сатып алынган жабдуулар жана кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө күрөөлүк камсыздоо;

- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 20-майында жана 20-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2019-жылдын 20-майына жана кредитти жоюунун акыркы датасы - 2031-жылдын 20-майына туура келет;

- төлөмдөр кечиктирилген учурда финансылык санкциялар, мөөнөтү өткөн карыздар келип чыккан убакыттан тартып бул карыздарды толук жоюу датасына чейин - Либор + жылдык 2%;

- Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин чегерилүүчү жана Кредиттик макулдашуу күчүнө киргенден кийин төлөнүүчү кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5% өлчөмүндөгү комиссия;

- эсепти ачуу үчүн кредиттин суммасынан 1% өлчөмүндө бир жолку комиссия.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 203-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Дж.Исаков
