Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында чакан ишкердик субъекттерин микрокаржылоо» программасын жактыруу жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-12-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 28-декабры № 593-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруунун алкагында чакан ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз Республикасында чакан ишкердик субъекттерин микрокаржылоо" программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна финансы-кредиттик уюмдарды каржылоо жана чакан ишкердик субъекттерине кийин кредит берүү үчүн тандоо жүргүзүүдө Программаны жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги чакан ишкердик субъекттерин колдоого багытталган Программаны ишке киргизүү боюнча маалыматтык кампанияны массалык маалымат каражаттарында жүргүзсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 593-б буйругу менен жактырылган
"Кыргыз Республикасында чакан ишкердик субъекттерин микрокаржылоо" ПРОГРАММАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасында чакан ишкердик субъекттерин микрокаржылоо" программасынын (мындан ары - Программа) негизги максаты болуп жеңилдетилген кредит берүү аркылуу чакан ишкердик субъекттерин колдоо саналат.
2. Программа чакан ишкердик субъекттерине микрокредиттерди берүүнүн жалпы шарттарын, каржылоо булактарын жана кредит берүүнүн шарттарын, ишкердик субъекттерине жана финансы-кредиттик уюмдарга коюлуучу талаптарды аныктайт.
3. Чакан ишкердик субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү ушул Программага катышуу үчүн тандалып алынган Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
4. Финансы-кредиттик уюмдарды тандоо ушул Программага жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) ички жол-жобосуна ылайык Фонд тарабынан ишке ашырылат.
5. Кредит алуу үчүн чакан ишкердик субъекттерин талдоо жана тандоо микрокаржылоонун шарттарына ылайык, ошондой эле финансы-кредиттик уюмдардын ички жол-жоболорун эске алуу менен финансы-кредиттик уюмдар тарабынан ишке ашырылат.
2. Экономиканын кредит берүүгө тийиш болгон тармактары
6. Микрокредиттер төмөнкүдөй тармактарда ишкердик жүргүзүү үчүн берилет:
1) агроөнөр жай комплексинде:
- асыл тукумдуу малды сатып алуу (тийиштүү сертификаттар болгондо), айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана даярдоо (даярдоо, сактоо, ошондой эле мөмө жана жашылча сактоочу жайларды курууга байланыштуу долбоорлор);
- түзүлгөн келишимдердин негизинде конкреттүү кайра иштетүүчү ишканаларга жеткирүү үчүн айыл чарба продукциясын өстүрүү;
2) жеңил өнөр жайы: тигүү жана текстиль өнөр жайы;
3) иштетүү өнөр жайы, ошондой эле ата мекендик чийки затты жана материалдарды жетиштүү кайра иштетүү менен региондордо, айрыкча айыл жергесинде экономикалык ишти жүргүзгөн ишканалар;
4) ата мекендик өндүрүштөгү продукцияларды, айрыкча айыл чарба продукциясын даярдоо, маркетинг, илгерилетүү жана сатуу боюнча ишти жүргүзгөн региондук соода-логистика компаниялары;
5) айыл жергесиндеги туристтик тармак, анын ичинде экотуризм, айыл чарба туризми жана тоо туризми;
6) төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу экономиканын бардык тармактары:
- продукциянын экологиялык таза түрлөрүн өндүрүү;
- заманбап технологияларды колдонууга киргизүү;
- жогорку технологиялык продукцияларды чыгаруу.
7. Кредиттик каражаттар мурда алынган кредиттерди же башка милдеттерди кайра каржылоого, кыймылсыз мүлктү сатып алууга, айлык акыны жана салыктык чегерүүлөрдү төлөөгө, ошондой эле саясый процесстин катышуучуларын каржылоого жумшалбашы керек.
8. Кредит берүүдө кластердик өндүрүш системасын колдонууга киргизип жаткан жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарында иштеп жаткан кластерлердин кошумча нарк чынжырчасынын катышуучулары болуп саналган ишкердик субъекттерине артыкчылык берилет.
9. Иштин төмөнкү түрлөрүнө кредит берүүгө тыюу салынат:
- тамекини жана тамеки продукциясын, алкоголдук суусундуктарды, куралдарды, баңги каражаттарын (медициналык багыттагы препараттардан тышкары) өндүрүү;
- оюн-зоок бизнеси;
- мажбурлаган балдар эмгегин колдонгон эмгек ишинин чөйрөлөрү;
- иштин мыйзамдар менен тыюу салынган башка түрлөрү.
3. Финансы-кредиттик уюмдарды каржылоо булактары жана кредит берүү шарттары
10. Программаны каржылоо булагы болуп Фонддун 10 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттары саналат, алар Фонд менен тандалып алынган финансы-кредиттик уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык ушул Программанын шарттарында чакан ишкердик субъекттерин каржылоого багытталат.
11. Финансы-кредиттик уюмдарды микрокредиттөө төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- кредит берүү мөөнөтү - 24 ай, жеңилдетилген мезгил - 6 ай, кредиттик линияны улуттук валютада берүү жолу менен, финансы-кредиттик уюмдар үчүн чектүү пайыздык ставка - 7 пайыздан ашык эмес;
- эсептелген пайыздарды төлөө ай сайын жүргүзүлөт, кредиттин негизги суммасын төлөө бирдей үлүштөр менен (квартал сайын), айыптык санкцияларды колдонбостон, кредиттик линияны мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу менен жүргүзүлөт.
12. Финансы-кредиттик уюмдар чакан ишкердик субъекттеринин кредиттерди кайтарбоо тобокелдигин толугу менен өзүнө алышат.
4. Чакан ишкердик субъекттерине кредит берүү шарттары
13. Ушул Программага ылайык финансы-кредиттик уюмдар чакан ишкердик субъекттерине микрокредиттерди төмөнкү шарттарда беришет:
- кредиттин суммасы жеке микрокредиттөөнү же топтук микрокредиттөөнү (зайымчылардын тилектеш бир тобуна) колдонуу менен 500 миң сомдон ашпашы керек;
- кредит берүү мөөнөтү - 24 ай, жеңилдетилген мезгил - 6 ай, микрокредит улуттук валютада берилет, чакан ишкердик субъекттери үчүн чектүү пайыздык ставка - 14 пайыздан ашык эмес;
- пайыздарды төлөө ай сайын жүргүзүлөт, кредиттин негизги суммасы бирдей үлүштөр менен төлөнөт (квартал сайын);
- финансы-кредиттик уюмдар өздөрүнүн ички жол-жоболоруна ылайык күрөө менен камсыздалган жана камсыздалбаган кредиттерди бере алышат, күрөө менен камсыздоо талап кылынган учурда, күрөө кредиттин суммасынан 120 пайыздан ашпоого тийиш;
- финансы-кредиттик уюмдар чакан ишкердик субъекттеринен кошумча, анын ичинде кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө жана акча каражаттарын алыш-бериш эсебинен алуу үчүн комиссиялык жыйымдарды алууга укуксуз.
5. Чакан ишкердик субъекттерине жана финансы-кредиттик уюмдарга карата негизги талаптар
14. Программага төмөнкүлөр катыша алышат:
- финансы-кредиттик уюмдардын инсайдери же аффилирленген жагы болбогон чакан ишкердик субъекти - Кыргыз Республикасынын резиденти;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын же күбөлүгүнүн негизинде иш жүргүзгөн, туруктуу финансылык абалга ээ болгон финансы-кредиттик уюм - Кыргыз Республикасынын резиденти.
6. Санкциялар
15. Финансы-кредиттик уюмдар кредиттик линиянын максаттуу багытталышын жана пайдалануу шарттарын бузган учурда, Фонд финансы-кредиттик уюмдарга карата төмөнкү санкцияларды колдонууга укуктуу:
- пайыздык ставканы жылдык 20 пайызга чейин көтөрүү;
- берилген кредиттик линияны жокко чыгарууга жана кредиттик линиянын төлөнө элек бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда жабууну талап кылуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 73
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" ПРОГРАММАСЫПрограмма · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон