# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 167-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 152-б буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 153-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 167-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 152-б буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 153-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 167-б
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16092/edition/873591/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 167-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 152-б буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 153-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу (16.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216224

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 16-майы № 167-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 152-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аскаров Замирбек Марипбаевичке принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 153-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аскаров Замирбек Марипбаевичке принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Убактылуу макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.".

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
