# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 136-б " Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кан айылын экологиялык реабилитациялоо максаты жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 136-б " Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кан айылын экологиялык реабилитациялоо максаты жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 136-б
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216219>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16088/edition/873121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 136-б " Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кан айылын экологиялык реабилитациялоо максаты жөнүндө" буйругу (12.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216219

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 12-апрели № 136-б Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кан айылын экологиялык реабилитациялоо максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: "Кутту-Таш" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кан кенин иштетүү процессинде пайда болгон коргошундун калдыктарын экинчи жолу кайра иштетүү жаатында заманбап технологияларды колдонуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо, ошондой эле калдыктар жайгашкан жерлерди милдеттүү түрдө рекультивациялоо жана кендин калдык сактоочу жайларынын дренаждык курулмаларын реабилитациялоо шарттарында иш жүргүзүүгө уруксат берилсин.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
