Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын комиссиясынын кыргыз бөлүгү түзүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 12-апрели № 133-б Астана шаарында 2000-жылдын 21-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык пайдалануудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында:
1. Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгү өз ишинде Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протокол менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 369-б буйругу менен жактырылган Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын комиссиясы жөнүндө жобону жетекчиликке алсын.
3. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн ишин уюштуруучулук, техникалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине жүктөлсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Тиркеме Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн тең төрагасы; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн тең төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчылыгынын жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин суу ресурстары, суу пайдалануу жана мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүү бөлүмүнүн начальниги; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин гидромелиоративдик системаларды жана курулмаларды эксплуатациялоо башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин "Сууавтоматика жана метрология" долбоорлоо-конструктордук жана технологиялык институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин Чүй бассейиндик суу чарба башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин Талас бассейндик суу чарба башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин экинчи катчысы; Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчылыгынын жетекчисинин орун басары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.