# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122-б "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122-б "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 122-б
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16082/edition/1012607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122-б "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө" буйругу (04.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216213

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 5-апрели № 122-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги 30 мыкты өлкөнүн тизмесине Кыргыз Республикасын киргизүү бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Жумушчу топ үч айлык мөөнөттө "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча сунуштарды (Иш-чаралар планын) иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.

3. Жумушчу топко төмөнкүлөр белгиленсин:

- "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча чаралардын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүсү;

- мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте өз ишине тартуу укугу.

4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-августундагы № 399-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун 3-пункту.

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б буйругунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

С. Дж. Исаков

Тиркеме "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын экономикалык маселелерин тейлеген вице-премьер-министр, жумушчу топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. Жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасындагы ЮСАИДдин миссиясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) өкүлү (макулдашуу боюнча).
