# КР Президентинин 2017-жылдын 25-декабрындагы ПБ № 21 "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилдеги долбоорун жактыруу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 25-декабрындагы ПБ № 21 "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилдеги долбоорун жактыруу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: ПБ № 21
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16066/edition/872296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 25-декабрындагы ПБ № 21 "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилдеги долбоорун жактыруу жөнүндө" буйругу (25.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216196

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2017-жылдын 25-декабры ПБ № 21 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков

Долбоор 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ Мындан ары мүчө мамлекеттер деп аталуучу, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 115-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 10-беренесинин 2-пункту "же эгерде өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Жогорку кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук берилсе, мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчылары" деген сөздөр менен толукталсын. 2-берене. Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол жоболорду мүчө мамлекеттердин аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча депозитарий алган күндөн баштап күчүнө кирет.

201\_\_-жылы "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында орус тилинде бир түп нускада түзүлдү. Бул Протоколдун түп нускасы Евразия экономикалык комиссиясында сакталат, ал ушул Протоколдун депозитарийи болуп эсептелип, ар бир мүчө мамлекетке анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жиберет.

Армения Республикасы үчүн Беларусь Республикасы үчүн Казакстан Республикасы үчүн Кыргыз Республикасы үчүн Россия Федерациясы үчүн
