# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 527-б (Сыйлоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 527-б (Сыйлоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 527-р
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16025/edition/850653/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 527-б (Сыйлоо жөнүндө) буйругу (16.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216154

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 16-ноябры № 527-б

1. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон айыл чарба тармагынын кызматкерлеринин салымын таануу иретинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 90 жылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:

Дүйшеев Муктар Кожонтаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин экономика, финансы, эсепке алуу башкармалыгынын начальниги;

Имаров Алгынбай Төралиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директорунун орун басары;

Кенжебаев Дыйканбай Бакашович

\-

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (БУУ ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн долбоорунун жерлердин деградациясы жана жайыттарды калыбына келтирүү боюнча улуттук эксперти;

Кокоев Маматиса Саипович

\-

Ош облусунун Кара-Кулжа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

Мурзалиев Нурбек Жолдошбекович

\-

Суу чарбасынын Чүй мамлекеттик бассейн башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Орозбаев Жылдызбек Турсунбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар маалымдама кызматы менен ветеринария боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси;

Постнов Николай Васильевич

\-

Чүй облусунун Жайыл райондук суу чарба башкармалыгынын Кара-Балта гидроучастогунун начальниги;

Саалаев Үмөталы Ыбраевич

\-

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адиси;

Сулайманов Акылбек Таштанбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин суу ресурстары, суу пайдалануу жана мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүү бөлүмүнүн начальниги.

2. Кыргыз Республикасынын илимин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Илим күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:

Панков Павел Сергеевич

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун эсептөө математикасы лабораториясынын башчысы;

Токтогулов Алмаз Асылбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана укуктук изилдөөлөр саясаты институтунун укук бөлүмүнүн башчысы.

3. Өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө орчундуу салым кошкондугу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү коомчулуктар күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:

Асанкулов Жеңишбек Асанкулович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;

Бакасов Султан

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Жээнбеков Мурзаибрагим Мамасадыкович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы.

4. Ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун 23 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:

Мамбеталиев Таштан Назыралиевич

\-

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун коопсуздук башкармалыгынын начальнигинин орун басары - жашыруун режим боюнча бөлүмүнүн начальниги;

Усупбаев Азамат Кыдыкбекович

\-

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун финансы-экономикалык башкармалыгынын бухгалтердик эсеп боюнча бөлүмүнүн башкы адиси.

5. Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:

Мамадалиев Шамшидин

\-

Ош облусунун Өзгөн районундагы Ийри-Суу айыл аймагынын "Жаңгакты" ветеринардык тейлөө бөлүмүнүн башчысы;

Смаилов Капарбек Кутбидинович

\-

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Айгыр-Жал айылынын башчысы;

Субанов Каныбек Алмасович

\-

Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын адиси;

Хакимов Сатыбалды Адинаевич

\-

Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын эксплуатациялоо бөлүмүнүн начальниги.

6. Жол-транспорт чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүүгө орчундуу салым кошкондугу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасынын орун басары, "Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин катчылыгы" мекемесинин жетекчиси Каримов Бури Бачабекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
