Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Автотранспорт каражаттарын милдеттүү түрдө техникалык кароо маселесин изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 1 декабря 2023 года № 622 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Премьер-министра Кыргызской Республики, Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-01.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2018-жылдын 22-январы № 44 Автотранспорт каражаттарынын техникалык абалынын оңдугун өз убагында текшерүү, жол коопсуздугун камсыздоо, атмосферага зыяндуу заттардын чыгарылышын азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15 жана 18-беренелерине ылайык:
1. Автотранспорт каражаттарын милдеттүү түрдө техникалык кароо маселесин изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ "Таза Коомдун" коррупциялык опурталдарды болтурбоочу элементтерин, ошондой эле ЕАЭБдин алкагындагы техникалык регламенттердин талаптарын киргизүү менен автотранспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароону киргизүү маселесин бир айдын ичинде изилдеп чыгып, жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда эксперттик жардам алуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз каранды эмес эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Тиркеме Автотранспорт каражаттарын милдеттүү түрдө техникалык кароо маселесин изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Сазбаков А.З.
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Мамыркалиев Э.А.
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Орозалиев А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Карымшаков У.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Горин А.В.
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы санитардык дарыгери;
Исаков Ж.И.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Туйбаева А.А,
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Жусуев Б.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Рыспеков А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Осокеев Т.К.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
Боенов М.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармасынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн начальниги;
Текебаев Т.К.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын транспорттук коопсуздук чөйрөсүндөгү контроль жана көзөмөл боюнча башкармасынын начальниги;
Абдулаева Г.К.
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар, укук коргоо органдары жана сот системасы чөйрөсүндөгү башкармасынын башкы адиси;
Шабданалиев Т.М.
-
Кыргызстандын Ташуучулар жана логистика ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жунусов М.А.
-
Кыргыз Республикасынын Эл аралык автомобилдик ташуулар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Асылбеков С.А.
-
Кыргыз Республикасынын Автотранспорт каражаттарын техникалык кароо борборлору ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер…Распоряжение · 01.12.2023 · № 622
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон