# КР 2018-жылдын 22-январындагы № 19-б (Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каттын расмий тилде долбоорун жактыруу

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 22-январындагы № 19-б (Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каттын расмий тилде долбоорун жактыруу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 19-р
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16007/edition/850307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 22-январындагы № 19-б (Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каттын расмий тилде долбоорун жактыруу (22.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216136

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 22-январы № 19-б Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" (№ ТF0А3998) экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каттын расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуу-катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
