Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР (Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каттын расмий тилде долбоорун жактыруу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 22-январы № 19-б Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" (№ ТF0А3998) экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каттын расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуу-катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон