# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 580-б ("Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аныкталоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 580-б ("Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аныкталоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 580-р
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16001/edition/849622/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 580-б ("Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аныкталоо жөнүндө) буйругу (18.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216130

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 18-декабры № 580-б "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- 2018-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштерди аткарсын;

- зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартсын;

- эл аралык, коомдук уюмдардын финансы каражаттарын зарыл болгон учурда ушул пункттун экинчи абзацынан келип чыгуучу ишти аткаруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте тартсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
