# КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 761 ( Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июнундагы № 323 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 761 ( Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июнундагы № 323 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 761
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2017
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15972/edition/1280908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 761 ( Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июнундагы № 323 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216101

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-октябрындагы № 427 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 13-ноябры № 761 "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына конкурс өткөрүүнү жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 5-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июнундагы № 323 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков

Тиркеме Жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Министрликтин алдындагы Туризм департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору (макулдашуу боюнча).
