# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 30-б (Курулушу бүтпөгөн объект - "Ак-Кеме" мамлекеттин менчигине алынуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 30-б (Курулушу бүтпөгөн объект - "Ак-Кеме" мамлекеттин менчигине алынуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 30-р
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216070>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15942/edition/843625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216070.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 30-б (Курулушу бүтпөгөн объект - "Ак-Кеме" мамлекеттин менчигине алынуу жөнүндө) буйругу (03.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216070

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 3-февралы № 30-б "Ак-Кеме отели" биргелешкен кыргыз - малайзия ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү ачык соодада сатылбаган кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчикке алуу, Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун 2012-жылдын 5-октябрындагы чечимин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө жобонун 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 93-үй дареги боюнча жайгашкан, наркы 860 224 707 (сегиз жүз алтымыш миллион эки жүз жыйырма төрт миң жети жүз жети) сом болгон, курулушу бүтпөгөн объект - "Ак-Кеме" мейманкана комплекси 3,374 га аянтындагы жер участогу менен (идентификациялык коду: 1-01-11-0059-0522-01), мамлекеттин менчигине алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 93-үй дареги боюнча жайгашкан, наркы 860 224 707 (сегиз жүз алтымыш миллион эки жүз жыйырма төрт миң жети жүз жети) сом болгон, курулушу бүтпөгөн объект - "Ак-Кеме" мейманкана комплексин 3.374 га аянтындагы жер участогу менен (идентификациялык коду: 1-01-11-0059-0522-01), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
