Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Курулушу бүтпөгөн объект - «Ак-Кеме» мамлекеттин менчигине алынуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 3-февралы № 30-б "Ак-Кеме отели" биргелешкен кыргыз - малайзия ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү ачык соодада сатылбаган кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчикке алуу, Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун 2012-жылдын 5-октябрындагы чечимин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө жобонун 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 93-үй дареги боюнча жайгашкан, наркы 860 224 707 (сегиз жүз алтымыш миллион эки жүз жыйырма төрт миң жети жүз жети) сом болгон, курулушу бүтпөгөн объект - "Ак-Кеме" мейманкана комплекси 3,374 га аянтындагы жер участогу менен (идентификациялык коду: 1-01-11-0059-0522-01), мамлекеттин менчигине алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 93-үй дареги боюнча жайгашкан, наркы 860 224 707 (сегиз жүз алтымыш миллион эки жүз жыйырма төрт миң жети жүз жети) сом болгон, курулушу бүтпөгөн объект - "Ак-Кеме" мейманкана комплексин 3.374 га аянтындагы жер участогу менен (идентификациялык коду: 1-01-11-0059-0522-01), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон