# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 132-б (Жумуш күнү деп жарыялоо сунуш жөнүндө)

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 132-б (Жумуш күнү деп жарыялоо сунуш жөнүндө)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 132-р
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15930/edition/843276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 132-б (Жумуш күнү деп жарыялоо сунуш жөнүндө) (14.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216058

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 26-апрели № 132-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 29-апрели Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2017-жылдын 29-апрелин жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
