# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 540-б (Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын жасап чыгарууга "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коомуна ыйгарым укук берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 540-б (Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын жасап чыгарууга "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коомуна ыйгарым укук берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 540-р
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216057>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15929/edition/1000748/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216057.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 540-б (Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын жасап чыгарууга "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коомуна ыйгарым укук берүү жөнүндө) буйругу (19.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216057

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-февралындагы № 47-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 28-ноябры № 540-б Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн корголгон бланктары менен калкты камсыздоо максатында, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын жасап чыгарууга "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коомуна ыйгарым укук берилсин.

2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын басып чыгууну контролдоо жана баасын жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
