# КР Премьер-министринин 2017-жылдын 2-октябрындагы № 655 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 2-октябрындагы № 655 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 655
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216042>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15914/edition/948907/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216042.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 2-октябрындагы № 655 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (02.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216042

---

(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 23-ноябры № 818 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 2-октябры № 655 Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Жумакадыров Темир Курмангазиевич

\-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, Комиссиянын мүчөсү;

Байдылдаев Мурат Курманбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, Комиссиянын мүчөсү;

Жумалиев Каныбек Керимбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын мүчөсү;

Мусабаев Акылбек Сүйүнтбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин контролдоону камсыз кылуу жана жумушту кабыл алуу бөлүмүнүн начальниги, Комиссиянын мүчөсү;

- комиссиянын курамынан Разаков Ж.П., Баев Э.К. чыгарылсын.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
