# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 514-б (Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу максаты жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 514-б (Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу максаты жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 514-р
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15902/edition/840611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216030.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 514-б (Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу максаты жөнүндө) буйругу (08.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216030

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 8-ноябры № 514-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу максатында "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Бишкек шаарында 2013-жылдын 16-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (кредит № 5235-КG, Грант № Н 839-КG) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Макулдашуу каттын расмий тилдеги тиркелген долбоору (расмий эмес котормо) жана Бишкек шаарында 2014-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Грант № ТF 015135) ортосундагы Гранттык макулдашуу (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашуу каттын долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
