Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Протоколго Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 23-октябры № 490-б
1. 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Протоколдун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Долбоор 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин 1-беренесинин үчүнчү абзацын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул Протоколду түзүштү: 1-берене. 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия, экономикалык союзу жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: № 1 тиркемесинин 37-пунктунун үчүнчү абзацындагы "24" деген цифра "48" деген цифрага алмаштырылсын. 2-берене. Ушул Протокол 2017-жылдын 12-августунан баштап убактылуу колдонула баштайт жана күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет. Мыйзамдарында эл аралык келишимдерди убактылуу колдонуу мүмкүнчүлүгү каралбаган Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттер үчүн ушул Протокол, Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттер ушул Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарган күндөн баштап колдонулат.
_________________ шаарында 2017-жылдын "___" ______________ орус тилинде бир түп нускада түзүлдү. Ушул Протоколдун түп нускасы: 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун, жана ушул Протоколдун депозитарийи болуп эсептелген Евразия экономикалык комиссиясында сакталат, ушул Протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн ар бир мүчө мамлекетке жиберет.
Армения Республикасы үчүн
Беларусь Республикасы үчүн
Казакстан Республикасы үчүн
Кыргыз Республикасы үчүн
Россия Федерациясы үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.