Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2017-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота аныкталоо жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-09-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 3-февралы № 27-б (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 419-б буйругунун редакциясына ылайык) "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин ишке ашыруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2017-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча мүмкүн болуучу өзгөртүүлөр үчүн эмгек миграциясына квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Тиркеме 2017-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына КВОТА (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 419-б буйругунун редакциясына ылайык)
Региондор
Экономиканын тармактары (кишинин саны)
Жыйынтыгы
Өнөр жай, транспорт, коммуникация жана курулуш
Айыл жана токой чарбасы, кайра иштетүүчү өнөр жайы
Энергетика, геологиялык чалгындоо жана кен казуу өнөр жайы
Соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу чөйрөсү жана башка экономикалык иш
Саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият жана искусство
Кредит берүү, банк сектору, камсыздандыруу
Баары
Анын ичинде жеке ишкерлик
Баткен облусу
400
30
75
40
4
45
5
595
Жалал-Абад облусу
1750
20
1500
60
7
100
10
3440
Ысык-Көл облусу
420
60
90
15
0
50
5
640
Нарын облусу
250
30
100
15
0
20
5
420
Ош облусу
400
20
125
230
125
10
10
795
Талас облусу
150
30
50
20
0
30
5
285
Чүй облусу
1400
200
500
150
0
75
10
2335
Бишкек шаары
2800
170
860
2400
695
1000
50
7280
Ош шаары
330
10
50
200
23
100
10
700
Республика боюнча бардыгы
7900
570
3350
3130
854
1430
110
16490
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 419-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 27-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.09.2017 · № 419-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөЗакон · 13.01.2006 · № 4
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.