Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондунун Байкоочу кеңешинин курамы жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондунун Башкармасынын курамы бекитүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
БУЙРУК 2017-жылдын 11-марты № 79 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2012-жылдын 3-июлундагы № 180 буйругу менен бекитилген Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун уставына ылайык:
1. Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун Байкоочу кеңешинин курамы 1- тиркемеге жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун Башкармасынын курамы 2- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 30-августундагы № 198 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси
С. Дж. Исаков
1-тиркеме Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун Байкоочу кенешинин курамы
Карыбаева Мира Аскеровна
Кыргыз Республикасынын Президентинин кенешчиси;
Байкоочу кенештин мүчөлөрү:
Казаков Түгөлбай Токтогулович
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
Жекшеев Жыпар Жекшеевич
коомдук ишмер;
Асанканов Абылабек Асанканович
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тарыхый жана маданий мурастар институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, мүчө-корреспондент;
Омурбеков Токторбек Наматбекович
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана Азия жана Африка өлкөлөрү кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору.
2-тиркеме Кыргызстан элинин тарыхый жана ма шипи мурастарынын "Мурас" фондунун Башкармасынын курамы
Чороев Тынчтыкбек Кадырмамбетович
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору, Башкарманын төрагасы;
Тюмонбаев Шаазадан Акылбекович
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн тарых жана маданият маселелери боюнча секторунун башчысы;
Молдокасымов Кыяс Сатарович
Чүй университетинин социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты;
Турдалиева Чолпон Джапарбековна
Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология программасынын профессору;
Раев Султан Акимович
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.