# 45-статья. Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги

- Документ: [Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/216)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-июнундагы № 51 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июня 2003 года №109 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «Об охране атмосферного воздуха»](https://aqlex.ai/kg/doc/1233)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/216#diff=725233..725234>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-203/edition/725233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө, 45-статья (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-45

---

Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын төмөнкүдөй бузууга жол берген кызмат жана жеке адамдары:

- атмосферага булгоочу заттардын чыгарууларынын ченемдерден ашып кетүүсүнө;

- атмосфералык абанын өндүрүштүк муктаждык үчүн керектөө ченемдеринен ашып кетүүсүнө;

- атмосфералык абага жол берилүүчү зыяндуу табигый таасирлердин ченемдеринен ашып кетүүсүнө;

- атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан лицензия албай, атмосферага булгоочу заттарды чыгарууларына, өндүрүштүк муктаждыктар үчүн атмосфералык абанын пайдалануусуна;

- эксплуатациянын эрежелерин бузуусуна, ошондой эле атмосферага чыгарууларды тазалоочу жана аларга контролдук кылуу үчүн орнотулган курулмаларды, жабдууларды, аппаратураларды колдонбоосуна;

- атмосфералык абаны коргоо боюнча талаптарды алымсындырбаган жаңы жана реконструкцияланган ишкана, курулма жана башка объекттерди ишке киргизүүгө;

- булгоочу заттардын чыгарууларында, ошондой эле иштеткенде чыккан дооштору ченемдерден ашып кеткен автомобиль, самолет, кеме жана башка кыймылдуу каражаттардын жана орнотмолордун өндүрүүсүнө жана эксплуатациясына;

- Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча коюлган талаптары алымсындырбаган жана атмосферадагы чыгарууларга контролдоочу техникалык каражаттар менен жабдылбаган ачылыш, ойлоп табуу, рационализатордук сунуш, жаңы техникалык тутум, заттардын жана материалдардын өндүрүшкө киргизилүүсүнө, ошондой эле чет өлкөдөн технологиялык жабдууларды жана башка объекттердин сатылып алынышына;

- атмосфералык абанын булганышына алып келчү же булганган өнөр жай жана тиричилик таштандыларын жыйноо, өсүмдүктү коргоо каражаттарын, аларды өстүрүүчү өбөлгөлөрдү, минералдык жер семирткичтерди жана башка препараттарды колдонуу эрежелеринин бузулушуна;

- атмосфералык абаны коргоо боюнча мамлекеттик контролду ишке ашыруучу органдардын буйрук-көрсөтмөлөрүнүн аткарылбай калышына;

- атмосфералык абаны коргоо жаатындагы жана башка укук бузуулары үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза, административдик жана башка жоопкерчилик тартышат.

Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган жоопкерчилик тартышат. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 109 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-46)
