# 44-статья. Атмосфералык абаны коргоонун экономикалык механизми

- Документ: [Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/216)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-июнундагы № 51 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-203/edition/725233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө, 44-статья (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-44

---

Атмосфералык абаны коргоонун экономикалык механизми - айлана-чөйрөнү коргоонун экономикалык механизминин тутумдаш бөлүгү, ал өз алдына атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарууларына жана ага тийгизилчү зыяндуу табигый таасирлерге чектөө коюу же четтетүү максатын көздөйт. Бул максаттар:

- атмосфералык абага чыгарылуучу булгоочу заттардын чыгарууларынын мамлекеттик эсебин жүргүзүү;

- булгоочу заттарды атмосфералык абага чыгарууну ишке ашыруу жана ал заттарды өндүрүш муктаждыктары үчүн керектөөгө акы;

- атмосфералык абаны коргоо боюнча иш-чараларды пландоо;

- атмосфералык абаны коргоо боюнча иш-чараларды каржылоочу булактардын бири катары экологиялык фонддорду өнүктүрүү;

- экологиялык жактан таза жана ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүштөрдү, технологияларды киргизүү жана пайдаланууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

- республиканын аймагында экологиялык шарты туура келбеген зоналарда атмосфералык абага зыяндуу заттардын чыгарууларына жана ал абаны керектөөгө дифференциалдык төлөмдөрдү киргизүү жолдору менен жетишилет.

Атмосфералык абаны коргоонун экономикалык механизми Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

XIII БӨЛҮК. АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО ЖӨНҮНДӨГҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫН БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-41)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-45)
