44-статья. Атмосфералык абаны коргоонун экономикалык механизми
Күчүндө · 14.06.2024 редакциясы
Атмосфералык абаны коргоонун экономикалык механизми - айлана-чөйрөнү коргоонун экономикалык механизминин тутумдаш бөлүгү, ал өз алдына атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарууларына жана ага тийгизилчү зыяндуу табигый таасирлерге чектөө коюу же четтетүү максатын көздөйт. Бул максаттар:
- атмосфералык абага чыгарылуучу булгоочу заттардын чыгарууларынын мамлекеттик эсебин жүргүзүү;
- булгоочу заттарды атмосфералык абага чыгарууну ишке ашыруу жана ал заттарды өндүрүш муктаждыктары үчүн керектөөгө акы;
- атмосфералык абаны коргоо боюнча иш-чараларды пландоо;
- атмосфералык абаны коргоо боюнча иш-чараларды каржылоочу булактардын бири катары экологиялык фонддорду өнүктүрүү;
- экологиялык жактан таза жана ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүштөрдү, технологияларды киргизүү жана пайдаланууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
- республиканын аймагында экологиялык шарты туура келбеген зоналарда атмосфералык абага зыяндуу заттардын чыгарууларына жана ал абаны керектөөгө дифференциалдык төлөмдөрдү киргизүү жолдору менен жетишилет.
Атмосфералык абаны коргоонун экономикалык механизми Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
XIII БӨЛҮК. АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫ КОРГОО ЖӨНҮНДӨГҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫН БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
Берененин тексти 14.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/216/st-44" title="44-статья - Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>