# 401-статья. Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо

- Документ: [Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/216)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-июнундагы № 51 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 января 2015 года № 5 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране атмосферного воздуха"](https://aqlex.ai/kg/doc/205434)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/216#diff=725236..725237>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-401>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-203/edition/725233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216/st-401.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө, 401-статья (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-401

---

Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды өндүрүүнүн жана керектөөнүн жол берилген көлөмүн белгилөө, ошондой эле озон катмарын сактоо жана бузулушунун алдын-алуу, аны калыбына келтирүү, озон катмарынын бузулушу менен болуучу жагымсыз кесепеттерден адамдардын ден-соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында жүзөгө ашырылат. Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасына ташып келинген же Кыргыз Республикасынан ташып чыгарылган озонду бузуучу заттар боюнча бажы статистикасынын маалыматтарынын жана озонду бузуучу заттар менен иштөө маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын отчеттуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат. Озонду бузуучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 12-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-40)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-41)
