# 31-статья. Өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан таштандыларды жайгаштырууга же көмүүгө талаптар

- Документ: [Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/216)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-июнундагы № 51 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 марта 2016 года № 28 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране атмосферного воздуха"](https://aqlex.ai/kg/doc/111307)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/216#diff=725237..725238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-203/edition/725233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө, 31-статья (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-31

---

Калктуу конуштар жайгашкан аймакта же аларга жакын жерлерде атмосфераны булгаган же ага башкача таасир тийгизген өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан өз билгениндей жайгаштырууга, ошондой эле ишкана, мекеме, уюм жана калктуу конуштардын аймагында аларды өрттөөгө тыюу салынат. Атмосфералык абаны булгоочу булактар болуп саналган өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан таштандылар жок кылынууга, кайра иштетилүүгө, тазаланууга, жыты кетирилүүгө же болбосо өндүрүш жана керектөө таштандылары жөнүндө мыйзамдарга ылайык атайын полигондордо же өзүнчө бөлүнгөн жерлерде жыйылууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-32)
