# 28-статья. Химиялык өтө уулуу заттарды чыгаруу, пайдалануу, зыянсыздандыруу жана сактоо

- Документ: [Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/216)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-июнундагы № 51 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 марта 2016 года № 28 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране атмосферного воздуха"](https://aqlex.ai/kg/doc/111307)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/216#diff=725237..725238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-203/edition/725233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө, 28-статья (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-28

---

Каттоодон өткөрүлбөгөн же пайдаланууга тыюу салынган химиялык өтө уулуу заттарды чыгарууга, чет өлкөлөрдөн алууга, пайдаланууга, сактоого тыюу салынат. Чарбалык иште жана тиричиликте колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган жана чет өлкөдөн сатылып алынган химиялык өтө уулуу заттар мамлекеттик каттоодон өткөрүлүшү керек. Химиялык өтө уулуу заттарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Химиялык өтө уулуу заттарды өндүрүүчү же пайдалануучу ишканалар менен уюмдар:

- химиялык уулуу заттардын стандарттарга жана сертификаттарга ылайык келишине кепилдик берүүгө;

- атмосфералык абада бул заттардын жол берилүүчү топтомунун иштеп чыгууну жана алар жок учурларды контролдоочу каржылоону камсыз кылууга милдеттүү.

Тыюу салынган жана жараксыз болуп калган химиялык өтө уулуу заттарды зыянсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын негизинде жүргүзүлөт. Химиялык өтө уулуу заттарды өсүмдүктөрдү коргоо каражаты, аларды өстүрүүгө өбөлгө, минералдык жер семирткич катары жана башка препараттар катары колдонуу жер үстүндө жүргүзүлүүчү ыкмалар аркылуу гана жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-29)
