# 27-статья. Шаарларды жана башка калктуу конуштарды келечекке пландоо, жайгаштыруу, өнүктүрүү жана аларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоодо атмосфералык абаны коргоо боюнча талаптар

- Документ: [Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/216)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-июнундагы № 51 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-203/edition/725233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө, 27-статья (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-27

---

Шаарларды, шаарчаларды жана башка калктуу конуштарды келечекке пландоо, жайгаштыруу жана аларды куруу, өнүктүрүү, реконструкциялоо учурунда физика-географиялык шарттар, атмосфералык абанын булгануу абалы, анын өзгөрүшүнүн божомолу жана атмосфералык абаны зыяндуу таасирлерден коргоо боюнча иш-чаралар жана анын өзгөрүү болжолдуу эсепке алынышы керек. Шаарларды, шаарчаларды жана башка калктуу конуштарды пландоо, жайгаштыруу, өнүктүрүү жана аларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо иштери атмосфералык абаны коргоо боюнча санитардык-гигиеналык жана башка ченемдерге ылайык жүргүзүлөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында шаарларды, райондорду, шаарчаларды жана башка калктуу конуштардын долбоорлорунда, программаларында, өнүгүү пландарында, жайгаштыруу, реконструкциялоо учурунда абаны коргоо иш-чараларын аткаруу боюнча каралган чараларды кабыл алууга тийиш.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-28)
