# 25-статья. Атмосфералык абанын абалына таасир тийгизчү ишкана, курулуш жана башка объекттерди жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу жана ишке киргизүү шарттары

- Документ: [Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/216)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-июнундагы № 51 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-203/edition/725233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө, 25-статья (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-25

---

Атмосфералык абаны коргоо боюнча талаптарга жооп бербеген жаңы жана реконструкцияланган ишкана, курулма жана башка объекттерди ишке киргизүүгө тыюу салынат. Жаңы жана реконструкцияланган ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу жана ишке киргизүү учурунда иштеп жаткан жана жаңы технологиялык процесстерди, жабдууларды өндүрүшкө киргизүүнү өркүндөтүүдө атмосфералык абага зыяндуу табигый таасирлердин жана жол берилүүчү чектелген чыгаруулардын ченемдик сакталышын камсыз кылуу зарыл. Мындай учурда зыяндуу заттарды жана калдыктарды чыпкалап калуу, керектен чыгаруу, зыянсыздоо же зыяндуу заттардын чыгарууларына толук жол бербөө, атмосфералык абаны коргоо боюнча жана башка талаптарды аткаруу каралууга тийиш. Объекттер ишке киргизилген убактысына карабастан, булгоочу заттардын чыгарууларына байланышкан атмосферага жайылуучу булгоочу заттардын көлөмүн жана курамын контролдоо каражаттары жана атмосферага чыгарууларды тазалоо үчүн курулмалар, жабдуулар жана аппаратуралар менен жабдылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-26)
