25-статья. Атмосфералык абанын абалына таасир тийгизчү ишкана, курулуш жана башка объекттерди жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу жана ишке киргизүү шарттары
Күчүндө · 14.06.2024 редакциясы
Атмосфералык абаны коргоо боюнча талаптарга жооп бербеген жаңы жана реконструкцияланган ишкана, курулма жана башка объекттерди ишке киргизүүгө тыюу салынат. Жаңы жана реконструкцияланган ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу жана ишке киргизүү учурунда иштеп жаткан жана жаңы технологиялык процесстерди, жабдууларды өндүрүшкө киргизүүнү өркүндөтүүдө атмосфералык абага зыяндуу табигый таасирлердин жана жол берилүүчү чектелген чыгаруулардын ченемдик сакталышын камсыз кылуу зарыл. Мындай учурда зыяндуу заттарды жана калдыктарды чыпкалап калуу, керектен чыгаруу, зыянсыздоо же зыяндуу заттардын чыгарууларына толук жол бербөө, атмосфералык абаны коргоо боюнча жана башка талаптарды аткаруу каралууга тийиш. Объекттер ишке киргизилген убактысына карабастан, булгоочу заттардын чыгарууларына байланышкан атмосферага жайылуучу булгоочу заттардын көлөмүн жана курамын контролдоо каражаттары жана атмосферага чыгарууларды тазалоо үчүн курулмалар, жабдуулар жана аппаратуралар менен жабдылууга тийиш.
Берененин тексти 14.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Правила охраны атмосферного воздуха (Утверждены приказом Министерства охраны окружающей среды от 27 марта 2000 года № 43)Правила · 27.03.2000 · № 43 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/216/st-25" title="25-статья - Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>