23-статья. Отун жана күйүүчү-майлоочу материалдардын сапатына талаптар
Күчүндө · 14.06.2024 редакциясы
Колдонуу учурунда атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгаруулары белгиленген ченемдерден ашып кетишине алып келген, стандарттардын талаптарына же техникалык шарттарга жооп бербеген отунду, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүүгө, өндүрүүгө же пайдаланууга тыюу салынат. Айрым шаарлар менен райондордо, өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын чечими боюнча бензиндин этилденген сортторун ташып келүүгө жана пайдаланууга тыюу салынат.
Берененин тексти 14.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/216/st-23" title="23-статья - Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>