# 22-статья. Атмосфералык абаны коргоо боюнча чарбакер субъекттердин милдеттери

- Документ: [Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/216)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-июнундагы № 51 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-203/edition/725233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө, 22-статья (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-22

---

Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууларга жана ага зыяндуу табигый таасир этүү менен иши байланышкан чарбакер субъекттер:

- санитардык коргоо зоналарын түзүүгө;

- зыяндуу табигый тасирлерди жана чыгарууларды азайтуу боюнча чараларды көрүүгө;

- атмосферага чыгарылууларды тазалоо жана зыяндуу табигый таасирлерди азайтуу, ошондой эле аларды контролдоо үчүн курулмаларды, жабдууларды жана аппаратураларды пайдалануунун эрежелерин сактоого;

- жол берилүүчү чектелген чыгаруулардын жана тийгизилчү табигый зыяндуу таасирлердин ченемдерин сактоого контролдукту жүргүзүүгө, алардын эсебин алууга жана белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулук берүүгө;

- энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, отун-энергетика каражаттарын үнөмдөө, экологиялык жактан таза энергия булактарын пайдаланууга;

- булгоочу объекттер таасир кылчу зонадагы айлана-жаратылыш чөйрөсүнө жана калктын саламаттыгына келтирилчү зыяндуу таасирлерге баа берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-23)
