# 19-статья. Транспорт каражаттарынын жана башка көчмө орнотмолордун жана атмосферага тийгизүүчү зыяндуу таасирин азайтуу боюнча чаралар

- Документ: [Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/216)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-июнундагы № 51 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.07.2016 [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378); 24.03.2016 [Закон КР от 24 марта 2016 года № 28 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране атмосферного воздуха"](https://aqlex.ai/kg/doc/111307)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/216#diff=725238..725239>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-203/edition/725233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө, 19-статья (14.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-19

---

Атмосфералык абаны көчмө каражаттардын жана орнотмолордун чыгарган зыяндуу заттары менен булгабай коргоо, калктуу конуштардагы шуулдак деңгээлин азайтуу, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын көрсөтмөсү же макулдугу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй:

- калк жыш жайгашкан кварталдардан автотранспорт ишканаларын жана автомобиль майбекеттерин алып чыгуу;

- жол кыймылын жөнгө салуучу автоматташкан тутумдарды ишке киргизүү;

- эс алуу, туризм, турак-жай конуштарынын белгилүү зоналарына автомобиль транспортунун жана башка көчмө каражаттардын киришине чектөө коюу;

- калктуу конуштарда жана андан тышкаркы жерлерде, автомобиль, темир жолдорунун бойлоруна, аэропорттордун, темир жол жана авто жол вокзалдардын, автобекет жана автоконуштардын тегерегине жашыл зоналарды түзүү;

- көчмө каражаттардан чыккан иштелген газдарды жоюу жана тазалоо иштерин жүзөгө ашыруучу атайын жабдууларды куруу, аларды экологиялык жактан таза отундар менен иштетүүгө өткөрүү;

- көчмө каражаттардын жана жабдуулардын атмосфералык абага тийгизүүчү зыяндуу таасирлерин азайтуу боюнча жана башка чараларды жүзөгө ашырат.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-мартындагы № 28, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VI БӨЛҮК. АТМОФЕРАЛЫК АБАГА КҮЧ МЕНЕН ТИЙГИЗИЛЧҮ ЗЫЯНДУУ ТААСИРЛЕРДИ ЖӨНГӨ САЛУУ

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/216/st-20)
