# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 429-б (2017-жылдын 30-сентябрын жумуш күнү деп жарыялоо сунуш жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 429-б (2017-жылдын 30-сентябрын жумуш күнү деп жарыялоо сунуш жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 429-р
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215977>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15850/edition/831693/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215977.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 429-б (2017-жылдын 30-сентябрын жумуш күнү деп жарыялоо сунуш жөнүндө) буйругу (27.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215977

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 27-сентябры № 429-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 30-сентябры Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2017-жылдын 30-сентябрын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
