# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 438-б (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 438-б (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 438-р
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215966>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15839/edition/831634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215966.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 438-б (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө) буйругу (28.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215966

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 28-сентябры № 438-б "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Европада коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Программалык офисинин арызынын негизинде мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте жайгаштырсын:

- 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № WVWZZZ3CZCP060123, кыймылдаткычынын № CDA294450, кыймылдаткычынын көлөмү 1800 см3, ак түстөгү "Фольксваген-Пассат" маркасындагы автомобилди;

- 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № WVWZZZ3CZBP326858, кыймылдаткычынын № CDA182559, кыймылдаткычынын көлөмү 1798 см3, ак түстөгү "Фольксваген-Пассат" маркасындагы автомобилди;

- 2014-жылы чыгарылган, кузовунун № WVWZZZ3CZEP018590, кыймылдаткычынын № CCZ409604, кыймылдаткычынын көлөмү 2000 см3, ак түстөгү "Фольксваген-Пассат" маркасындагы автомобилди;

- 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № WVWZZZ3CZBP326876, кыймылдаткычынын № CDA182557, кыймылдаткычынын көлөмү 1798 см3, ак түстөгү "Фольксваген-Пассат" маркасындагы автомобилди.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын оперативдүү башкаруусуна кабыл алсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
