Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 28-сентябры № 438-б "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Европада коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Программалык офисинин арызынын негизинде мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте жайгаштырсын:
- 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № WVWZZZ3CZCP060123, кыймылдаткычынын № CDA294450, кыймылдаткычынын көлөмү 1800 см3, ак түстөгү "Фольксваген-Пассат" маркасындагы автомобилди;
- 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № WVWZZZ3CZBP326858, кыймылдаткычынын № CDA182559, кыймылдаткычынын көлөмү 1798 см3, ак түстөгү "Фольксваген-Пассат" маркасындагы автомобилди;
- 2014-жылы чыгарылган, кузовунун № WVWZZZ3CZEP018590, кыймылдаткычынын № CCZ409604, кыймылдаткычынын көлөмү 2000 см3, ак түстөгү "Фольксваген-Пассат" маркасындагы автомобилди;
- 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № WVWZZZ3CZBP326876, кыймылдаткычынын № CDA182557, кыймылдаткычынын көлөмү 1798 см3, ак түстөгү "Фольксваген-Пассат" маркасындагы автомобилди.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын оперативдүү башкаруусуна кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.