Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 4-октябры № 450-б Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Долбоор Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы тынчтыкты бекемдөөдөгү, эл аралык коопсуздукту жана ишенимди, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди сактоодогу ар тараптуу кызматташуунун маанилүү ролун белгилеп, 1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Аскер жаатында кызматташуу тууралуу келишимдин жана 2000-жылдын 27-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда Аскер жана аскердик-техникалык тармактарда кызматташуу тууралуу келишимдин жоболорун жетекчиликке алып, Тараптар мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн таанып, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин коопсуздугун өз ара камсыздоого өбөлгө түзгөн достук жана коңшулаш мамилелерди өнүктүрүүнү каалап, өз ара урматтоо, ишеним жана эки мамлекеттин кызыкчылыгын эске алууну негизге алып, аскердик жаатында өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Ушул Макулдашуунун максаты Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык мамлекеттик тең укуктуулук жана өз ара түшүнүшүү принциптеринде аскердик тармактагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты жүргүзүү болуп саналат. 2-берене.
1. Тараптар төмөнкү чөйрөлөрдө аскердик кызматташууну ишке ашырат:
1) коргоо саясаты;
2) аскерлерди даярдоо жана окутуу;
3) аскердик машыгууларды жана башка оперативдик жана күжүрмөн даярдык иш-чараларын өткөрүү;
4) асман чабуулунан каршы коргонуу;
5) аскерлерди материалдык-техникалык камсыздоо;
6) куралдуу күчтөрдөгү спорттук жана маданий иштер;
7) Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча башка чөйрөдө.
2. Кызматташууну конкреттүү чөйрөдө ишке ашыруу максатында, Тараптар өзүнчө эл аралык келишимдерди түзө алат.
3-берене. Тараптардын ортосундагы аскердик кызматташуу төмөнкүдөй жолдор аркылуу жүргүзүлөт:
1) Тараптардын делегацияларынын расмий визиттери жана жумушчу жолугушуулары;
2) конференцияларга, семинарларга катышуу;
3) аскерлерди даярдоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;
4) Тараптардын аскердик маалымат кызматтарынын ортосунда тажрыйба жана маалымат алмашуу;
5) спорттук жана маданий иш-чараларга катышуу;
6) Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча кызматташуунун башка формалары.
4-берене. Ушул макулдашуунун негизинде Тараптар эки тараптуу аскердик кызматташуунун жылдык планын иштеп чыгышат. Тараптар үстүдөгү жылдын 15-ноябрына чейин келе жаткан жылдын жылдык планынын долбооруна киргизүү үчүн сунуштар менен алмашышат. Жылдык план иш-чаранын аталышын, ишке ашыруунун формасын, мөөнөтүн жана өткөрүү жерин, делегация мүчөлөрүнүн санын жана иш-чараларды өткөрүү, даярдоо менен байланышкан башка маселелерди камтыйт. Жылдык планга Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү планды ишке ашыруу жылынын астында 15-декабрга чейин кол коюшат. 5-берене. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон чыгымдар, эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, анда Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде төлөнөт. 6-берене.
1. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу учурунда алынган маалыматты сактоону Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык камсыздайт.
2. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуунун жүрүшүндө алынган маалыматты, маалымат берген Тараптын кызыкчылыгына зыян келтирбөө менен пайдалануусу керек.
3. Тараптар кызматташуу учурунда алынган маалыматты үчүнчү тарапка ошол маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз бербеши керек.
7-берене. Ушул Макулдашуунун жоболору алардын мамлекеттери катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт. 8-берене. Ушул Макулдашууну талкуулоо жана ишке ашыруу менен байланышкан пикир келишпестиктер келип чыкканда, Тараптар аларды өз ара сүйлөшүүлөр жана/же консультациялар жолу менен чечет. 9-берене. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 10-берене. Ушул макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, эгерде Тараптардын бири учурдагы беш жылдык мезгил аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапты кабарлабаса, көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин анын колдонулушу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылып турат. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу, ушул Макулдашуунун алкагында мурда башталган программалардын жана долбоорлордун аткарылышына, эгерде алар боюнча Тараптардын ортосунда башка келишимдер болсо таасирин тийгизбейт. Ташкент шаарында 2017-жылдын "__" ______________ эки нускада ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы үчүн
Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.