Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Баңги каражаттарын, акыл эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 2-октябры № 444-б Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Баңги каражаттарын, акыл эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Долбоор Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Баңги каражаттарын, акыл эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлиги, баңги каражаттарын, акыл эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү масштабдарынын кеңейишине (мындан ары - баңгизаттар) тынчсызданышып, баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү Тараптардын мамлекеттеринин элдеринин ден соолугуна жана бейпилдигине коркунуч туудургандыгын түшүнүшүп, баңгизаттардын жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшкө багытталган натыйжалуу чараларды көрүүдөгү өз ара кызыкчылыкка таянып, 1961-жылдын 30-мартындагы Баңги каражаттары жөнүндөгү бирдиктүү конвенциянын жоболорун кийинки өзгөрүүлөрү жана толуктоолору менен, 1988-жылдын 19-декабрындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги каражаттарын жана акыл эске таасир берүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 26-ноябрындагы № 91 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1999-жылдын 9-июлундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө макулдашууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-ноябрындагы № 675 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1999-жылдын 9-июлунда кол коюлган Баңги каражаттарын, акыл эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташуу жөнүндө макулдашууну жетекчиликке алып, өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашууга келишти: 1-берене.
1. Ушул Макулдашуунун предмети баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы натыйжалуу аракеттенүүнү уюштуруу максатындагы Тараптардын кызматташтыгы болуп саналат.
2. Тараптар кызматташтыкты ушул Макулдашуунун негизинде, өз компетенциясынын алкагында жана өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын жана эл аралык милдеттеринин ченемдерин сактоо менен ишке ашырат.
3. Ушул Макулдашуу кылмыш иштери боюнча укуктук жардам берүү жана көрсөтүү маселелерин козгобойт.
2-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын кызматташтыгы төмөнкү формаларда ишке ашырылат:
а) баңгизаттарды жана анын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалымат алмашуу;
б) Бир Тараптын башка бир Тараптын суроосу боюнча баңгизаттарды жана анын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүгө байланыштуу маселелер боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүү;
в) баңгизаттарды жана анын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү иш-чараларын, анын ичинде контролдогу жеткирип берүүлөрдү, текшерүү сатып алууларын өткөрүүдө өз ара аракеттенүү жана жардам көрсөтүү;
г) баңгизаттарды мыйзамсыз колдонуу жана жүгүртүүнү алдын алууну уюштуруу жана аны өткөрүү маселеси боюнча өз ара аракеттенүү;
д) кеңешмелерди, конференцияларды жана семинарларды өткөрүү жолу менен тажрыйба алмашуу;
е) ченемдик укуктук актылар, аларды колдонуу практикасы тууралуу материалдар, баңгизаттарды жана анын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселеси боюнча статистикалык маалыматтарды жана методикалык колдонмолорду алмашуу;
ж) баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселеси боюнча кадрларды кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
з) баңгизаттарды жана анын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүгө байланыштуу материалдык-техникалык жактан жардам көрсөтүү, ошондой эле экспертизаларды өткөрүү боюнча көмөк көрсөтүү;
и) баңгизаттарды жана анын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү маселеси боюнча эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өткөрүү;
к) керек учурда мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизаттарды изилдөө үлгүлөрүн жана натыйжаларын алмашуу;
л) кызматташтык процессинде пайда болуучу маселелер, анын ичинде жумушчу топ түзүү жана Тараптардын өкүлдөрүн алмашуу боюнча иштерин координациялоо.
2. Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына каршы келбеген, эки тарап ылайык көргөн кызматташтык формаларын иштеп чыгууда жана аны өнүктүрүүдө аларга тоскоолдук кылбайт.
3-берене. Ушул Макулдашуунун алкагында маалымат алмашуу төмөнкүлөргө жараша жүргүзүлөт:
а) бардык башка Тараптын мамлекетинин аймагында жасалган же жасалууга аракет кылынган баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштарга;
б) баңгизаттарды жана анын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар шектүү жактарга;
в) бир Тараптын мамлекетинин аймагынан чыныгы Тараптын мамлекетинин аймагына баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга же ташууга аракет кылууга байланыштуу конкреттүү бардык фактылар жана окуяларга;
г) улуттар аралык мүнөздөгү ишкердүүлүккө ээ, баңгизаттарды жана анын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар түзүмдөр, персоналдык курам, ишкердүүлүк чөйрөсү, башкармалыкты уюштуруу жана кылмыштуу топтолуштардын байланыштарына;
д) Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында иштеген, баңгизаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар өзүнчө жолдор менен кылмыштуу коомчулуктардын ортосундагы болжолдонгон байланыштардын болушуна;
е) баңгизаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар кылмыштуу иштерди жүзөгө ашыруу формалары жана ыкмаларына;
ж) баңгизаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган кирешелердин изин жашырууга багытталган ишкердүүлүккө;
з) баңгизаттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүүгө келип түшүү булактарын аныктоо формалары жана ыкмалары жана аларды токтотуу чараларына;
и) өстүрүүдө, сактоодо, транспортировкалоодо, сатууда, ошондой эле аларды табуу ыкмаларында колдонулуучу баңгизаттарды жана прекурсорлорду жашыруу жана маскировкалоо ыкмаларына;
к) мыйзамсыз жүгүртүүдө пайда болгон баңгизаттардын жаңы түрү жана синтетикалык каражаттар, аларды даярдоо жана пайдалануу технологиялары.
4-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында көмөк көрсөтүү башка бир Тараптын кызыкчылыгын көздөөгө көмөктөшөрүн болжолдогон Тараптын биринин суроосу же демилгеси боюнча ишке ашырылат.
Көмөк көрсөтүү тууралуу суроо кагаз жүзүндө же тийиштүү техникалык каражаттардын жардамы менен берилет. Кийинкиге калтыруу мүмкүн болбогон учурда оозеки суроо кабыл алынышы мүмкүн, бирок ал үч сутканын ичинде кагаз жүзүндө же тийиштүү техникалык каражаттардын жардамы менен ырасталышы зарыл. Маалымат берүүдө техникалык каражаттарды колдонууда, ошондой эле алынган суроонун түп нуска экендигине жана анын мазмунуна карата күмөн саноо пайда болсо, сурап жаткан Тарап суроо берилген Тараптан суроону кагаз жүзүндө ырастоону талап кылат.
2. Көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо төмөнкү мазмунду камтыйт:
- сурап жаткан Тараптын аталышы;
- суралып жаткан Тараптын аталышы;
- сурамдын мазмунунун кыскача баяндалышы жана ага негиздеме;
- аны аткаруу үчүн керек болгон башка маалыматтар.
3. Керек учурда суралып жаткан Тарап суроонун талаптагыдай аткарылышы үчүн кошумча маалымат сурашы мүмкүн.
5-берене.
1. Суроо берилген Тарап суроонун аткарылышын камсыздоо үчүн керек болгон бардык чараларды көрөт. Суроо мөөнөтүндө, келип түшкөн датасынан 30 суткадан ашырылбай аткарылат.
2. Суроо берилген Тарап сурап жаткан Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өзүнүн мамлекетинин аймагында аткарылып жаткан суроонун аткарылышында, эгер тийиштүү мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбесе, катышууга уруксат берет.
6-берене.
1. Суроону аткарууда сурап жаткан Тарап тийиштүү мамлекеттин суверенитетине, коопсуздугуна, аймактык бүтүндүгүнө, кол тийбестигине, экономикалык дараметине, коргонуу мүмкүнчүлүгүнө же башка кызыкчылыктарына зыян келтирет, же болбосо анын улуттук мыйзамдарынын ченемдерине каршы келет деп эсептесе суроосун аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартышы мүмкүн.
2. Суроону аткарууга мүмкүн болбосо же андан баш тартылса суроо берген Тарап суроо берилген Тарапка ал жөнүндө кагаз жүзүндө дароо маалымдайт же болбосо суроону тиркелген документтери менен кайтарып берет.
3. Эгер суроо берилген Тарап суроонун тез арада аткарылышы анын мамлекетинин аймагында ишке ашырылуучу кылмыштык куугунтуктоо же башка өндүрүшкө тоскоолдук кыла турганын болжосо, анда ал суроонун аткарылышын жылдырат же суроо берген Тараптан зарыл болгон консультацияны алгандан кийин аныкталган шарттарды сактоо менен аткарат. Суроо берген Тарап сунушталган шарттарда ага көмөктөшүүгө макул болгондон кийин аталган шарттарды сактоого тийиш.
7-берене.
1. Тараптар алардын алмашуу предмети болгон маалыматтардын, баңгизаттарды жана анын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча документтердин жана материалдардын мазмунунун купуялуулугун камсыз кылышат. Ушул Макулдашууну токтотууга чейин алынган маалыматтардын жашыруундугуна байланыштуу талаптар ал токтогуча күчүн жоготпойт.
2. Сурап жаткан Тарап алынган маалыматтарды, алардын мыйзамдарына ылайык болгон суроолордо көрсөтүлгөн максаттарды гана колдонот.
3. Аталган Макулдашуунун алкагында алынган маалымат аны берген Тараптын кагаз жүзүндө алдын ала макулдугусуз башка жактарга берилбейт.
8-берене. Тараптар аталган Макулдашуунун алкагында кызматташтыкты ишке ашырууда жумушчу тил катары орус тилин колдонушат. 9-берене.
1. Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин аймагында ушул Макулдашууну аткарууга байланыштуу чыгымдарды тартышат.
2. Эгерде алардын ортосунда кагаз жүзүндө келишим болбосо, Тараптар өздөрүнүн өкүлдөрүнүн кабыл алынуучу Тараптын мамлекетинин аймагындагы жол киресине жана ал жакта жашоосуна байланыштуу чыгымдарды өздөрү көтөрүшөт.
3. Сурап жаткан Тараптын өкүлдөрүнүн баруулары суроо берген Тараптын алдын ала макулдашуусу боюнча ишке ашырылат.
10-берене. Ушул Макулдашууда каралган кызматташууну ишке ашыруунун жүрүшүн кароо жана аны андан ары жакшыртуу багыттарын иштеп чыгуу үчүн, Тараптар өз ара келишимдин негизинде биргелешкен жумушчу жолугушууларды, кеңешмелерди, семинарларды өткөрөт. Жолугушуулар Тараптардын мамлекеттеринде кезеги менен өткөрүлөт. 11-берене. Ушул Макулдашуунун 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн "ж", "з", "и" пункттарында каралган кызматташууну ишке ашыруунун конкреттүү формалары, анын ичинде аны каржылоо Тараптардын ортосундагы өзүнчө келишимде аныкталат. 12-берене. Ушул Макулдашууга Тараптардын чечими боюнча өзүнчө Протоколдор менен жол-жоболоштурулуучу, аталган Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп калуучу жана ушул Макулдашуунун 15-беренесинде каралган тартип менен күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө болот. 13-берене. Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун талкуулоого же аны колдонууга байланыштуу келип чыккан бардык маселелерди консультация жана сүйлөшүү жолдору менен чечет. 14-берене. Ушул Макулдашуунун жобосу Тараптардын, алардын мамлекеттери катышуучусу болгон эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарын жана милдеттерин козгобойт. 15-берене. Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана эки Тараптын бири экинчи Тарапка ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу тууралуу кагаз жүзүндө кабар келген күндөн кийин үч ай өткөнчө күчүндө болот.
_________________ шаарында ___-жылдын "___" _____________ эки нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде даярдалган, алардын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ. Эгерде аталган Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө айырмачылык келип чыккан учурда, негиз катары орус тилиндеги текст алынат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн
Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн
___________________________________
___________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 16 ноября 2000 года N 675 " Об утверждении Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Узбекистан о…Постановление · 16.11.2000 · № 675
- ЕДИНАЯ КОНВЕНЦИЯ № 1137 о наркотических средствах 1961 года (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 16 апреля 1994 года № 1498-XII)Конвенция · 30.03.1961
- Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Узбекистан о сотрудничестве в борьбе с преступностью (Ратифицировано Законом КР от 26 ноября…Соглашение · 09.07.1999
- О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Узбекистан о сотрудничестве в борьбе с преступностью, подписанного 9 июля 1999…Закон · 26.11.2000 · № 91