# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-марты № 79-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максаты жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-марты № 79-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максаты жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 79-р
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215942>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15815/edition/932162/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215942.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-марты № 79-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максаты жөнүндө) буйругу (12.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215942

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 404-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 22-марты № 79-б (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 295-б, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 520-б, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 524-2017-жылдын 12-декабрындагы № 561-б, буйруктарынын редакцияларына ылайык) Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-декабрындагы № 561-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынан, тамактануусуна каралган каражаттарды саламаттык сактоодогу бирдиктүү төлөөчү системасынын каражаттарынан (тең төлөө каражаттарынан), өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга, эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылууга (ветеринардык биопрепараттар) багытталган каражаттарынан ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын карамагындагы мекемелердин каражаттарынан тышкары, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн натыйжасында бюджеттик мекемелердин үнөмдөлгөн каражаттарын экономикалык беренелер боюнча функциялык классификациянын тиешелүү бөлүмдөрүнө жараша ''Жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар" казыналык эсептерине топтосун. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 295-б, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 520-б, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 524-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана республикалык бюджеттен каржылануучу административдик ведомстволор мамлекеттик сатып атууларды жүргүзүүдөн үнөмдөлгөн каражаттарды өз учурунда чагылдырып, аларды, өзүнчө казыналык эсепке топтоо үчүн сметалык багыттардын өзгөргөндүгү тууралуу билдирүү маалымкатын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте берип турушсун.

3. Ушул буйрук 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
