# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 415-б (Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 415-б (Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 415-р
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215932>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15805/edition/829860/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215932.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 415-б (Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (21.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215932

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 21-сентябры № 415-б Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын кошумча каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 250 000 000 (эки жүз элүү миллион) сом суммасындагы акча каражатын бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С .Ж. Исаков
