# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-августундагы № 366-б (Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында жайгашкан төмөнкү автомобиль жолдору муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-августундагы № 366-б (Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында жайгашкан төмөнкү автомобиль жолдору муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 366-р
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215926>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15799/edition/829560/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215926.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-августундагы № 366-б (Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында жайгашкан төмөнкү автомобиль жолдору муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу жөнүндө) буйругу (18.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215926

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 21-августу № 366-б "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында жайгашкан төмөнкү автомобиль жолдору муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун:

Ак-Жар айыл аймагындагы узундугу 5 км болгон Семиз-Көл - Көл Башы; Көлдүк айыл аймагындагы узундугу 2,5 км болгон Ничке - Эпкиндүү; Алтын-Булак айыл аймагындагы узундугу 5 км болгон Алтын-Булак (Комсомол) - Кара-Баткак.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- 2018-жылга жана кийинки жылдарга "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолдору боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдасын жана реконструкцияласын;

- аталган автомобиль жолдорун реконструкциялоону аяктагандан кийин оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана аларды андан ары күтүүнү камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С. Ш. Жээнбеков
