Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Татарстан Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясынын) ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 21-июну № 248-б (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 431-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Татарстан Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясынын) ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 431-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 431-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Татарстан Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясынын) ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Татарстан Республикасынын Өкмөтү (Россия Федерациясы), 1992-жылдын 10-июнундагы Кыргызстан Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимди, 2000-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, биримдик жана өнөктөштүк жөнүндө декларациясын жетекчиликке алып, туруктуу жана узак мөөнөттүү негизде өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө Тараптардын өз ара кызыкчылыгын эске алуу менен, эки Тараптын кызыкчылыгына дал келген мамлекеттик уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү муктаждыгын түшүнүп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы катышуучулары болгон эл аралык келишимдерине жана ушул Макулдашууга ылайык Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүшөт. Тараптар ушул Макулдашуунун ак ниеттүү жана натыйжалуу аткарылышын максат кылып, анын алкагында өз ишин талаптагыдай координациялоого күч аракет жумшайт. 2-берене. Тараптар өз компетенциясынын чегинде уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жана Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) аймагында жайгашкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүүчү соода-экономикалык кызматташтыкка түрткү беришет. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары аталган келишимдерден келип чыккан милдеттенмелер боюнча жооп бербейт. 3-берене. Тараптар биргелешкен өндүрүштүк, илимий-техникалык, инвестициялык жана коммерциялык иштин натыйжалуу формаларын өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк (кыргыз жана орус капиталы) инвестициялары бар, анын ичинен үчүнчү тараптын катышуусу менен, чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө жана иштетүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Татарстан Республикасында (Россия Федерациясы) иштеген уюмдардын ар тараптуу байланыштарына, анын ичинде алардын эл аралык көргөзмөлөргө жана жармаңкелерге катышуусуна, маалымат алмашуусуна жана кызматташуунун башка формаларына жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам беришет. 4-берене. Тараптар өз компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк инвестициясы (кыргыз жана орус капиталы) бар учурдагы жана жаңы түзүлгөн чарба субъекттеринин инвестициясын жана мүлкүн укуктук коргоону камсыз кылуучу чараларды көрүшөт. 5-берене. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык ишкердик же башка чарба жүргүзүүчү субъекттеринин иштерине, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган өндүрүшкө болгон инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт. Тараптар өз компетенциясынын чегинде өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларынын маанилүү түрлөрүн, Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) химиялык жана жеңил өнөр жай, машина куруу, айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы ишканаларынын продукцияларын, ошондой эле транспорт инфратүзүм, турак жай, өндүрүштүк жана техникалык объекттерин куруу кызматтарын жеткирүү чөйрөсүндөгү соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүшөт. 6-берене. Тараптар илимий-техникалык кызматташтык жаатында илимий уюмдардын түздөн-түз байланыштарын өнүктүрүүгө жардам беришет жана өз ара пайдалуу негизде илимий-техникалык кызматташтык маселелерин чечүүгө өз даярдыгын билдиришет. 7-берене. Бай маданий жана тарыхый мурастарын эске алып, Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) туризм жаатындагы маанилүү дараметин эске алып, Тараптар Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасында (Россия Федерациясы) жашаган элдин маданиятын өз ара байытууга көмөк көрсөтүшөт, эне тилинин, каада-салттарынын жана үрп-адаттарынын сакталышына кепилдик берүү, тарыхый жана рухий баалуулуктарына сый мамиле кылууну камсыз кылуу аркылуу алардын улуттук-маданий кызыкчылыктарын канааттандырууга керектүү шарттарды түзүшөт. Тараптар искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча көркөм-сүрөт көргөзмөсү, театр жана концерт гастролдору менен алмашууга өбөлгө түзүшөт. Тараптар билим берүү, саламаттыкты сактоо, адабият, басма сөз, кино, радио, телеберүү, туризм, спорт жана башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты өнүктүрүшөт жана тереңдетишет. Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) тарыхы жана маданияты боюнча биргелешкен илимий жыйындарды өткөрөт. 8-берене. Тараптар ушул Макулдашууну чечмелөөдөн, колдонуудан, ишке ашыруудан келип чыккан пикир келишпестиктер жана талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечишет. Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында эки тараптуу кызматташтыктын айкын багыттары боюнча өзүнчө макулдашууларды түзүшөт, протоколдорго кол коюшат жана программаларды кабыл алышат. Аталган документтердин ишке ашырылышын көзөмөлдөө максатында зарыл болгон учурда жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн. Ушул Макулдашуу ага кол койгон Тараптарга финансылык жана мүлктүк милдеттенмелерди жүктөбөйт. 9-берене. Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 10-берене. Ар бир Тарап ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин каалаган учурда башка Тарапка ушул Макулдашуунун же анын айрым бир жоболорунун ишке ашырылышын, ошондой ага өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулоо максатында, биргелешип кароо жана баалоону сунуштай алат. 11-берене. Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чараларды координациялоону Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) Өнөр жай жана соода министрлигине жүктөшөт. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чараларды координациялоого жооптуу органдары же алардын аталыштары өзгөрүүгө учураганда, Тараптар токтоосуз бири-бирине жазуу жүзүндө кабарлайт. 12-берене. Ушул Макулдашуу кыргыз тарабы россия тарабынан зарыл болгон бардык ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Андан ары ушул Макулдашуунун колдонулушу, эгерде анын колдонуу мөөнөтү бүткүчө алты айдан кеч эмес мөөнөттө бир Тарап анын колдонулушун токтотуу ниетин жазуу жүзүндө башка Тарапка билдирбесе, автоматтык түрдө беш жылдык мөөнөткө узартылат. ______________ шаарында 2017-жылдын "__" ________ ар бири кыргыз жана орус тилинде эки нускада түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Татарстан Республикасынын Өкмөтү (Россия Федерациясы) үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Договор о дружбе, сотрудничестве и взаимной помощи между Республикой Кыргызстан и Российской Федерацией (Ратифицирован постановлением Верховного Совета РК от 18 декабря 1992 года…Договор · 10.06.1992
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.